МАЕК

Чыңгыз Сагыналиев: «…Кийинки мелдештерим үчүн чоң сабак болду»

Бармактайынан спорт менен алектенип 17 жаш курагында чоң спорттон ийгилик жараткан жаш спортчу Чыңгыз Сагыналиев спорт дүйнөсүндө жүргөнүнө он жылдан ашканын айтты. Ал ушул жылдын 30-31- мартында Россиянын Тула шаарында өткөн 18 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы дзюдо боюнча Европа чемпионатында 60 кг салмак менен экинчи орунду багындырып, мекенибиздин жеңиш куржунун күмүш медаль менен толуктады.
Саламатсыңбы Чыңгыз, азаматсың! Мекендештериңди жеңишиң менен кубандырдың. Өзүң кандай абалда болуп жатасың? Сезимдериң менен бөлүшө кетсең.

Чоң рахмат, азыр орто абалда элемин. Өтө кубанып, өтө кайгырган да жокмун.

Жеңишиңди алгач кимдер менен белгиледиң? Мелдештен кийин ата-энең менен байланыштыңбы?

Эң биринчи ата-энем жазып куттуктады, алар аябай кубанып жатышат. Жеңишти бул жактан агайым жана досторум менен белгиледим.

Финалга чыккан ар бир спортчунун максаты биринчиликти алуу болот эмеспи. Алтын медаль сенин эмес, атаандашыңдын колуна тийишине эмне себеп болду деп ойлойсуң?

Ооба, туура айтасыз. Ар бир спортчу мелдешке чыгарда биринчи орунду алам деген максат менен чыгат. Менин да оюм ошол болчу, бирок, спортто ар кандай болот экен. Жеңишке бир аз эле калганда, тарттырып жибердим. Бул кийинки мелдештерим үчүн чоң сабак болду.

Европа чемпионатына канча убакыт даярдандың?

Негизи машыгуулардын баары алдыдагы беттештерге даярдык үчүн болот . Европа чемпионатына он эки күн калганда бир күндө эки жолу машыгып даярдык көрдүм.

Мелдештеги кармашууларыңа жана каршылаштарыңа кандай баа бересиң?

Жогорку деңгээлдеги чемпионат өтүп жаткандыгына байланыштуу бул жакка жөнөкөй спортчулар келбептир.Ар бир катышуучу күчтүү экен. Албетте, күч сынашуу да оңой болгон жок.

Жыйынтыктоочу суроо болсун, айтсаң спорт дүйнөсүнө кантип келип калдың эле?

Менин атам биздин айылдагы жалгыз машыктыруучу болчу. Мага ошол чоң мүмкүнчүлүк жана түрткү болду десем жаңылышпайм. 7-класска чейин атамдын колунда тарбия алып, 8-класстан баштап Ш. Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайына келип. Учурда Жазыбаев Азамат агайымдын колунда машыгып жатам.

Маегиң үчүн чоң рахмат, дагы көп ийгиликтерди багындыр!

Маектешкен: Мираида Нурматжан кызы