КООМ

Өкмөт кыргыз тилин эмнеге басмырлап жатат?

Айтайын дегенибиз Өкмөт “коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырганы маалым. Албетте, өкмөттүн бул кадамы жакшы жышаан. Бирок, өкмөт бул долбоорду ишке ашыраардан мурда жоболорун туура иштеп чыгышса болмок, тескерисинче жоболор мыйзам бузуулар менен кеткен. Учурда алардын сунуштаган жоболорунда очойгон кемчиликтер бар экени бакыйып көрүнүп турат. Бул келтирилген кемчиликтер боюнча башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп койсо ашыкча болбос.

Ал эми бул долбоордун алкагында айып кагаздары айдоочуларга бара баштады. Эми ошол айып баракчасын карап олтуруп биз деги кайсы мамлекетте жашап жатабыз деген суроо туулат. Ал айып кагазында же кыргызча эмес, же орусча эмес айтор “чулдураган” сөздөр жазылып турат. Бул деген өкмөттүн кыргыз тилин сыйлабагандыгыбы же алардын чала сабаттыгыбы?

Бул бышпаган жоболорго, катаа жазылып чыккан айып кагаздарына ким жооп берет, бул кагаздарды, жоболорду даярдоого кеткен каражаттын ордун ким толтурат? Мындай туура эмес келген кагаздарга жарандар баш ийбеши толук мүмкүн. Өкмөт бир ишти эки кылганы үчүн, жарандардын укуктарын тебелегени үчүн жооп бериши абзел.

Жөнөкөй кемчиликтерге жол берип жаткан өкмөттөн чоң миссияны күтүүгө болобу? Мынакей, биздин өкмөттүн чала сабаттыгы, мындайлар менен өлкөнүн өнүгүшү күмөн…