ДҮЙНӨДӨ

Нурсултан Назарбаев отставкага кетти

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.

Маалыматка таянсак, ал кызматтан кетүү тууралуу маалыматты бүгүн билдирди.

«Мындай чечим кабыл алуу мага оңойго турган жок. Мен президенттиктен кеткеним менен өмүрүмдүн акырына чейин силер менен болом»,- деп айткан.

Нурсултан Назарбаев Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери башкарып келет.