МАЕК

Нурлан Мотуев кандай адамдын кара дубасы кабыл болоорун айтып берди. Маек

Коомдук жана саясий ишмер Нурлан Мотуев акыркы кездери социалдык түйүндөрдө ак дуба, кара дуба тууралуу байма-бай жазууда. Андан улам биз саясатчынын өзүнө байланышып, кара дубанын канчалык таасири бар экендигин сурадык.
-Нурлан мырза акыркы кездери фейсбукта кара дуба тууралуу көп жазып жатасыз. Чын эле кара дуба деген өзү барбы?
-Исламда ак дуба анан кара дуба деген бар, ак дуба деген кимдир бирөөгө алкыш айтуу ыраазычылык билдирүү. Ал эми кара дуба деген нааразылыгын билдирүү, каргыш айтуу, эки дуба тең бар.