КООМ

Баткен эли Мадумаровго неге нааразы же чек ара маселесиндеги анын чекилиги


18-мартта Баткен облусунун жашоочуларынын атынан бир нече аксакал (З. Балтабаев, Т. Жолдошов, А. Тагаев, Х. Отобаев, З. Гафуров жана башкалар) АКИpress-Баткен агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүштү.
Т. Жолдошов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлганын жашоочулар кубануу менен кабыл алышканын билдирди. «Чек аралар ачылгандан кийин ал жердеги жашоочулар кубанышты. Негизи эле бул жаңжалдын зарылчылыгы жок болчу. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жашоочулары айылга жетүү үчүн жол куруп башташкан. Курулуш иши Кыргызстандын территориясында жүрүп аткан, бирок коңшулаш айылдын жашоочулары ага каршы чыгып, жаңжал болуп кеткен», — дейт ал.
Ошондой эле бул аксакал президент С. Жээнбековго кайрылып, коңшу Тажикстандын президенти Э. Рахмон менен чек арага байланыштуу маселелерге чекит коюу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүн суранды. Ал эгерде чек аралар так аныкталса, анда жаңжалдар да болбой турганын айтат.
Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Газы айылынын жашоочусу, мектеп директору З. Балтабаев коңшулар менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоо керек деген пикирин айтты.
Анан дагы ал 2009-жылдын 3-мартында ал кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров чек арага жакын 275 метр жерди тажик тарапка 49 жылга ижарага берүүнү караган протоколго кол коюп койгонун билдирди. «Ошондон улам жерди тосуу болду, тактап айтсак, ижарага берилген жердеги жолду тосуу. Эгерде ал протоколго ошондо кол коюлбаганда, анда эч кандай азыркыдай маселе жаралбайт эле», — дейт ал.
Гафуровдун айтымында ал ижарага берилген жерге тажик жашоочулары дүкөндөрдү, турак-жайларды жана башка обьектилерди куруп салышкан. Анан кыргыз тараптын Ак-Сай-Тамдык жолун куруу демилгесин терс кабыл алышкан.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров