МАЕК

Шыкмаматов: «КСДП фракциясында Атамбаевди колдогон төртөө гана, ал эми президентти колдогондор 34»

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов
  • Алмамбет мырза, кече жакында эле КСДП расмий түрдө оппозицияга өтө турганын билдирди. Мындай кырдаалда парламенттеги КСДП фракциясы коалициялык көпчүлүктүн курамынан чыгарылышы мүмкүнбү?
  • Теория жагынан алганда ошондой болушу керек. Бирок, иш жүзүндө андай болбойт. Бул реалдуу эмес. Анан дагы коалициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркулов. Ал А. Атамбаев эмес, президент С. Жээнбеков тарапта.
  • Буга парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары кандай карашы мүмкүн?
  • КСДП фракциясында Атамбаевди колдогон төрт гана адам бар, ал эми Сооронбай Жээнбековду колдогондор – 34. Мына ушундай абалда КСДПны кантип коалициялык көпчүлүктөн чыгарып салууга болсун

Булак: 24.kg