МАЕК

Төлөбай Жүзүбалиев, «Апрель» баатыры: “Фарид Ниязов «Апрель» баатырларынын атынан кайрылуу жасаганды токтотсун!”

“Айкөл Ала-Тоо” уюму жалпы «Апрель» баатырларынын атынан президентке нааразы болуп билдирүү таратыптыр. Сиз да Апрель баатыры катары аталган билдирүүгө кол койдуңузбу?

Мен аны маалымат каражаттары аркылуу окудум. Жүздөгөн Апрель баатырлары мындай кайрылуу менен макул эмес. Бул кайрылууну кайсы бир саясатчынын айланасындагы Апрель баатырларынын атына жамынган 4-5 киши эле тараткан. Анын текстин Фарид Ниязов жазганы көрүнүп эле турат. Андыктан мындай кайрылуу жалпы апрель баатырларынын пикирин билдирбейт. Апрель баатырларынын атын саясый кызыкчылык үчүн колдонгонду токтотууну талап кылабыз.

“Айкөл Ала-Тоо” уюму өз кайрылуусунда учурда үй-бүлөлүк, кландык башкаруу орноп бара жатканын айтып коңгуроо кагыптыр. Мындай кооптонууга негиз барбы?

Биринчиден, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинде жетекчи алмашкан. Жакында эле коомдук бирикменин жетекчилерин алмаштыруу чечими кабыл алынып, анын төрагалыгына Жылдызбек Исаков дайындалган. Аны шайлоодо уюмдун өкүлдөрүнүн 90 пайызы катышкан. Ал эми Кыргызстанда кландык башкаруу орноду деген айыптоо суу кечпейт. Мындай кайрылуу кайсы саясатчынын заказы менен жасалып жатканын элдин баары билип турат. Алар канчалык жан талашканы менен уурулардын орду түрмөдө.