КООМ

Иске ууланган үй-бүлө: Кырсык каш кабактын ортосунда…

Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Талас районунун Кара-Суу айылынын Оторбаев көчөсүндөгү жайгашкан №24 турак үйдө кырсык болгон. Үйдү жылытуу максатында үй ээси чаканын ичине от жагып, бөлмөнүн ичи түтүн болгон. Түтүндүн кесепетинен 2 адам каза болуп (апасы: 1982-ж.т. И.Ф., кызы: 2004-ж.т. К.А.), 2 адам жабыркаган (баласы: 2006-ж.т. К.У. кызы 2013-ж.т. К.А.). Каза болгон 2 адамдын жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилип, жабыркагандар облустук ооруканага жеткирилген.
Электриктер аталган үйдүн светке карызы бар болгондуктан кыркып кетишкен. Ошол күнү кырсык тооруп, эки адамдын өмүрү кыйылды. Кудайым кырсыктан баарыбызды алыс кылсын, бирок жергиликтүү тургундар ошол күнү иштеген электриктерди коркутууга алып жатканын уктук. Албетте, балким алар деле мыйзамды буйтап өтүп, аталган үйдүн жарыгын өчүрбөгөндө мындай кырсык болмок эместир. Бирок алар өз милдетин так аткарышты, күнөөнү алардан издөө орунсуз. Айыл тургундары аларды сабап кетебиз, силерди бул жерде иштетпейбиз деп коркутуп үркүтүп жатышыптыр. Мыйзамдуу өлкөдө жашап жатканыбыздан соң, алардын мындай кадамга баруусу туура эмес. Эгерде, кандайдыр бир териштирүү иштери жүрө турган болсо, ага тиешелүү укук коргоо органдары бар. Алар өз иштерин аткарышат, жергиликтүү элдин бул боюнча кунөөлөгөну туура эмес.Талас облустук милициясы ошол күнү өз милдеттерин аткарган электриктердин коопсуздугун коргоп берет деген ишенимдебиз.
Маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун, артында калган туугандарына сабыр тилейбиз.