СПОРТ

Кызыл-Кыя ШИИБи мектеп окуучуларына спорттук оюндарды уюштурду

Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептер арасында мектеп окуучуларынын ортосунда «Биз кылмыштуулука каршыбыз» деген ураанда спорттун волейбол түрү 23-февраль Мекенди Коргоо күнүнө карата өткөрүлдү.
Бул оюнга мектеп окуучуларынын 7-класстан жогорку окуучулар катышып, балдар командасынан 10, кыздар командасынан 10 команда ойноп, оюн 2күнгө созулду. Кызыл-Кыя ШИИБнүн жетекчилигинин демилгеси менен уюштурулган оюнга 1-орунга кыздар командасынан №10 А.Гайдар мектеби, балдар командасынан №7 Т.Иметов орто мектебинин командалары жетишип, сыйлыктарга ээ болушту. Кызыл-Кыя шаарында 13орто мектеп, 11397 мектеп окуучусу, 19миңден ашуун жаш өспүрүмдөр бар. 2018-жыл ичинде жаш өспүрүмдөр арасында 7кылмыш катталып, баарынын тең бети ачылган