Шакирова: Даары департаменти аткезчилик, монополия менен күрөшүүгө бел байладык

102

Кыргызстанда дары-дармектердин атайын электрондук базасы түзүлүүдө. Расмийлер бул база дары-дармектин баасын, сапатын көзөмөлдөө менен бирге аткезчилик жол менен дары-дармектерди алып киргендерге сокку урат деп ишендирүүдө.

Коомчулукта өлкөдө дары-дармек чоң бизнеске жана монополияга айланганы тууралуу сын-пикирлер көп. Эгерде база түзүлүп калса, дары-дармектин өндүрүүчүдөн керектөөчүгө жеткенге чейинки жараяны көзөмөлдөнөт деп айтылууда. Бирок бул канчалык ишке ашат?

Бул суроо менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаментинин директору Гулмира Шакировага кайрылдык.

Гулмира Шакирова: Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги тендер өткөрдү. Жакынкы күндөрдө кайсыл компания утуп чыкканы белгилүү болот. Биринчи баскычта, кызмат көрсөткөн мекемелердин маалымат базаларын бир платформага алып келебиз. Экинчи баскычта, электрондук сатып алууларга интеграция кылуу. Үчүнчүсү, электрондук рецепт. Эң акыркы баскыч, бул мына ушул дары-дармектердин маалыматтык электрондук базасы. Азыр эки этап ишке ашканы жатат. Андан кийин акырындап калгандарын ишке ашырабыз. Дары-дармек боюнча айта кетсем, база түзүлгөндөн кийин ар бир эле киши дары-дармектин штрих-коду аркылуу бүт маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк болуп калат. Мобилдик шилтеме аркылуу эле бүт маалыматын биле алат. Кайсыл өлкөдө өндүрүлгөн? Жарамдуу мөөнөтү кандай? Баасы канча? Ушунун баары базада болот. Себеби, азыр абдан көп дары-дармек аткезчилик жол менен кирип жатат. База түзүлсө, коомчулук дагы биз менен чогуу ушул маселени көзөмөлдөп баштамак.

Би-Би-Си: Кыргызстанда дары-дармек бизнесин монополияга айланып калганы тууралуу көп сын пикир айтылып жүрөт. Бааларды, мыйзамсыз жол менен киргендерди көзөмөлдөө жагы чабал болуп жатат дегендер бар. База түзүлүп калса эле, бүт баары көзөмөлгө алынат деп эле күтүп жатасыңарбы же башка дагы чаралар көрүлүп жатабы?

Гулмира Шакирова: 2017-жылы биздин чоң жетишкендигибиз – жаңы мыйзамдар кирди. “Дары каражаттары жөнүндө”, “Медициналык багыттагы буюмдар тууралуу” мыйзам кабыл алынды, бир катар мыйзамдык өзгөртүүлөр кирди. Ушул мыйзамдар дары-дармектин баасын көзөмөлдөөгө жол ачты. Жакында эле атайын жумушчу топ түзүлүп, сырттан окуудан өтүп келишти. 20 жылдын бери базар экономикасы, атаандаштык деп келдик. Бүгүнкү күндө 3 пайыз эле өзүбүздүн өндүрүштөн чыгат, калган 97 пайызы сырттан ташылат. Толугу менен фармфирмалардан көз карандыбыз. Азыр алар керек болсо чоң унаалар менен ташып кирип жатышат. Жогоруда айтып өткөн электрондук изилдөө системасы аркылуу биз баасын көрүп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону жатабыз. Айталы, “Анальгинди” даарыканадан сатып алганда, кайсыл фирма алып келди, кандай баада келди билип алабыз. Эл дагы ким арзан сатат, кайсыл фирманыкынын баасы жөндүү, өздөрү эле билип калышат. Базада өндүрүлгөн жериндеги баасы дагы көрүнүп турат. Анан албетте, бизнеске кысым болбойт. Белгилүү чектен ашпагандай баа кошуу жагын карап, атайын эрежелерин киргизебиз.

Би-Би-Си: Айрым илдеттерге дары-дармектер абдан кымбат экени бейтаптар арасында нааразылык жараткан учурлар көп. Мисалы, кээ бир илдеттерге дарыларды индиялык, анан европалык деп бөлүшөт экен. Сырттан кирип жаткан дарылардын сапаты тууралуу эмне айта аласыз? Алардын сапатын текшерген лабороториялардын абалы кандай?

Гулмира Шакирова: Кыргызстан боюнча үч эле лаборотория акредитациядан өткөн. Андан сырткары көп сандагы жеке менчик лабороториялар ачылып жатпайбы. Бирок үчөөнүн гана акредитациясы бар. Кыргызстанга кирген дары-дармек болобу, жабдыктар болобу сөзсүз каттоодон өтүшү керек. Кээ бири ар кандай жолдор менен кирип калып жатат. Андайлар менен күрөшкө мүмкүнчүлүгүбүз дагы аз болуп жатат. Бүгүнкү күндө жаңы мыйзамдар иштеп кетиши үчүн биз 18 нормативдик-укуктук актыларды жазып чыктык. Көп жылдар өзгөрүлбөй калган жаңы эрежелер, жоболор кирип жатат.

Айрым тоскоолдуктарга карабай бул жаатта чоң өзгөрүүлөргө умутулуп жатабыз. Дары-дармек өтө кирешелүү бизнес болуп жатат. Ошон үчүн фирмалардын артынан тургандар атайын уюштурган оюндар бар дегендей. Анан ошол эле учурда мыйзам бузуп кеткен дагы кызматкерлерибиз бар. Былтыры жетекчилик кызматка келгенде 142 адамга айлык акы берилип жүргөн. Негизи 105 болсо, 30га жакын киши эмгек келишими менен иштеп жүргөн. Алардын келишимин токтотууга аргасыз болдум. Көпчүлүк бөлүм башчыларын алмаштырдык. Кылмыш иши козголгон кызматкерлер бар. Ошондуктан ар кандай кеп-сөзгө карабай ишти жылдырууга аракет кылып жатабыз.

Булак: ББС