KG group компаниясы алдаганын качан токтотот?

56

Компаниянын шаарда 10го жакын курулушу бар. Бирок бирөөсү дагы ийгиликтүү бүтүп ишке бериле элек, алар алдаганын койбоду, эл алданганын койбоду. Ар бир имараттын атына кыргыздын белгилүү инсандарынын атын коюп алганы ашыкча.

Алсак, мигранттар, дарыгерлер, мугалимдер үчүн социалдык долбоор деп “Датка” комплексинде  Алымбек Датка жана Курманжан Датка үйлөрүн салып баштаган. Курулушу 2016-жылы жаз айларында аяктап колдонууга берилиши керек эле. Эмнегедир кечиктирип бүгүңкү күндө да бүтпөй келе жатат. Башканы алдасаң да мугалим менен дарыгерлерди алдаба!

KG group компаниясы  жетекчиси Имамидин Ташов Москва шаарында “ImTash” компаниясын түптөп, бир канча  адамдарды сызга отургузган.  Интерпол аркылуу издетип, кийин ошол кездеги ИИМ министри Мелис Турганбаевдин колтугуна кирип, аман калганын билебиз.

Амбициясы аттын башындай, сүйлөсө келечектеги президент мен боломун деп төшүн каккылайт. Макул болсо болсу, бирок азыртан арка-алдын тазалап алсын. Байкуш мигранттардын үйлөрүн бүтүрүп берип коюңуз Имамидин мырза!