ИИМ министри Бурулайдын өлүмүнө Жайыл РИИБинин кызматкерлеринин күнөөсү бар экенин моюнга алды

60

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 19 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө Жайыл РИИБинин кызматкерлеринин күнөөсү бар экенин ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында айтты.

“Мен ошол күнү Таластан кайтып келип, Жайыл РИИБине кирдим. Шалаакылыкка жол беришкен, 23 кызматкер иштен алынды”, – деди министр.

Кашкар Жунушалиенвдин айтымында шектүү Марс Бодошев унаадан түшүп жатканда бычакты байпагына катып кирген.

“Эгер бычактын учу 12 см болуп жатса, бычактын жалпы узундугу 20 см болот. Ал бычакты байпагына катып кире албайт болчу”, – деп нааразы болду Зарылбек Рысалиев.