СПОРТ

КУУнун окутуучусу «WJF Grappling» боюнча дүйнө чемпиону аталды

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт 2019-жылдын 18-21-январь күндөрү Грузиянын борбору Тблиси шаарында болуп өткөн «WJF Grappling» боюнча дүйнөлүк чемпионатта Азербайджан мушкери Фарид Алиевди жеңип, алтын кур тагынуу менен кайрадан дүйнө чемпиону аталды.

Эскерте кетсек, Кадыров Бакыт эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча 2015-жылы Кисловодск шаарында өткөн Азия биринчилигинде коло медаль, 2016-жылы Батуми шаарында өткөн Дүйнө кубогунда алтын медаль, Дели шаарындагы дүйнөлүк биринчиликте кайрадан алтын медаль тагынып, 2017-жылы Баку шаарында өткөн греплинг боюнча Азиялык оюндардын чемпиону, эрежесиз уруштун “Ultimax” ММА версиясы боюнча 2018-жылы Тбилиси шаарында өткөн дүйнөлүк мелдештин чемпиону жана 2018 жылдын 9-13 май күндөрү Грецияда өткөн эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча дүйнөлүк оюндардын вице-чемпиону, ошол эле 2018 жылдын 22-25 ноябрь күндөрү Баку шаарында болуп өткөн ”Алпагут ММА” жана “Алпагут Греппдинг” боюнча дүйнө чемпиону.