Тажик чек арачылары такталбаган аймакка кирип келди (видео)

65

Кечээ, Кыргыз тажик чек арасында чыр чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, тажик чек арачылары такталбаган аймакка кирип келип, кыргыз жарандарына ыдык көрсөтүп, аларды кууп салууга аракет көргөн ал  тапта кыргыз чек арачылары такталбаган аймакка кирип алышканын билдиргенде тажиктер асманга ок атышкан. Ошентип, эки тараптан тең асманга ок атылып, аягы мушташка айланган. Кыргыз чек арачылары тажик кесиптештерин кармап кетишкен. Эки өлкөнүн чек ара боюнча өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзгөн соң, аларды бошотушкан.