СПОРТ

Өспүрүмдөр арасында «Баластан» кубогу өттү

Жакында эле Азия футболуна катышып, мурдагыдан кыйла жогору оюн көрсөткөн кыргыз футболчулары баарыбыздын демибизге дем кошту. Албетте, бул оюн жаш муунга үлгү болууга толук татыйт. Эми спортчулар, мындан да көбөйөт. Сөзүмө далил катары борборубуз Бишкекте 27-январда өткөн Таеквон-донун ITF түрү боюнча 6 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында уюштурулган «Баластан» кубогу үчүн мелдеш жогорку деңгээлде аяктады. Мелдешке өлкөнүн баардык дубандарынан келип катышышты. Бул тууралуу Ала-Бука районунун спортчуларын таптап алып келген машыктыруучу Максат Нарынбай уулу кабарлады. Анын айтымында Ала-Букалык өспүрүмдөр жалпы командалык эсепте 4-орунду камсыздап, 18 баланын 5 алтын, 3 күмүш, калганы коло медаль тагынган.

  1. Улан Мамырбек уулу 14-15 жаш, 65 кг салмак менен
  2. Нуртилек Турамбеков 14-15 жаш,65 + кг салмакта
  3. Бакыт Сапарбек уулу 12-13 жаш, 35 кг салмакта
  4. Нурислам Жээнкулов 8-9 жаш
  5. Бекболот Мейманбеков 10-11 жаш
    Күмүш тагынгандар:
  6. Альберт Мураталы уулу 12-13 жаш, 45 кг салмакта
  7. Асылбек Мамаюсупов 14-15 жаш, 45 кг салмакта
  8. Абдыкерим Наркулов 12-13 жаш, 35 кг салмакта
    Ал эми калган 10 бала коло медалды жеңип, олжолуу кайтышты.
    ДАЯРДАГАН:
    КУРМАНБЕК НИЯЗБЕКОВ