СПОРТ

КУУнун студенттери «Ак шумкарларды» тосуп алышты (видео)

Бүгүн, 24-январь күнү эрте мененки саат 5те Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынан Бишкекке учуп келди. «Ак шумкарлардын» дарбазачысы, экономика факультетинин 4-курс студенти Кутман Кадырбеков менен коргоочусу, юридика факультетинин 3-курс студенти Айзар Акматовду тоскону «Манас» аэропортуна коомчулук менен байланыш жана жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлери жана 100дөй студенттер барышты. Бул тууралуу КУУнун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргыз футболчуларын “Манас” аэропортунун расмий делегациялар залында Өкмөт жетекчилери тосуп алгандан кийин, “Ак шумкарлар” сыртта «кызыл коридор» жасап, күтүп турган миңден ашуун күйѳрмандарга чыгышты. Футболчулар коридор менен автобуска жеткиче күйѳрмандар аларды Манас эпосунда айтылгандай «Желеги алтын туу менен; Жер жаңырган чуу менен» сүрөөнгө алышып, ыраазычылыктарын айтып, колдоп турушту.

Элдин кѳптүгүнѳ жана убакыттын тардыгына карабай КУУнун ѳкүлдѳрү Кутман Кадырбеков менен Айзар Акматовго ала барган белектерин бергенге үлгүрүштү.