СПОРТ

Бишкекте Ак-Талаалыктардын ынтымак турнири өттү (фото)

Ак-Талаа районунун айылдарынын ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө жана дени сак жашоого чакыруу максатында уюштурулуп келген волейбол боюнча кезектеги «Ынтымак турнири» болуп өттү. Аталган спорттук иш-чара Бишкек шаарында шерине катары ай сайын өткөрүлүп келет. Бул жолку оюнду Жаңы-Тилек айылы уюштурду. Бул оюн дагы кеңири кулачын жайып улуу муун менен жаштардын ортосундагы волейбол сүйүүчүлөрдүн көпүрөсүнө айланды. Себеби оюнда командалар эки топко бөлүнүп, 35 жаштан жогоркулар жана жаштар болуп ойношот. Спортту, элдин биримдигин колдоп Ак-Талаанын мекенчил атуулдары көмөк көрсөттү.

Атап айтсак Жеңиш Молдокматов жылкысын союп берсе, Болотбек Искендеров, Калыбек Жусупов агаларбыз жана Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмек Айыпов, айылдык кеңештин төрагасы Аскар Жунусов баш болгон депутаттар акчалай колдоо көрсөттү. Ал эми биримдикти туу туткан «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы Самат Асаналиев баштаган мырзалар суусундуктар менен камсыз кылышты.

Оюн мыкты деңгээлде өтүп, жалпы 15 команда күч сынашты. Жыйынтыгында татыктуулары жеңип чыкты.
35 жаштан жогоркулар арасында, төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болду:
1-орунга Кара-Бүргөн (Жеңиш) айылы
2- орунга Чолок-Кайың (Ленин) айылы
3- орунга Тоголок Молдо айылы
Ал эми жаштар арасында:
1-орунга Тоголок Молдо айылы
2- орунга Жаңы-Талап (Куртка) айылы
3- орунга Үгүт айылы 
Аталган оюн эстафета катары бир айылдан экинчи айылга сунулуп турат. Кийинки оюнду өткөрүүнү салтанаттуу түрдө Чолок-Кайың (Ленин) айылына берилди. Элдин биримдиги-өлкөнүн тынчтыгы дегендей ар дайым жакшыга атаандаш бололу.

Оюн учурунда тартылган кызыктуу сүрөттөрдү көрүү үчүн бул жакты басыңыз.