СПОРТ

Темир Сариев Өкмөт башчы кезинде футболго өзгөчө көңүл бурула баштаган

Темир Сариев спортчулар менен

Футбол боюнча курама командабыздын Азия кубогундагы ийгилиги, татыктуу оюн көрсөтүүсү жалпы кыргыз элин кубантып турган чагы. Албетте, алгачкы ирет мындай чоң турнирге катышуунун өзү жеңиш. Кыргыз футболунун өнүгүшүнө, ушул деңгээлге көтөрүлүшүнө мурдагы Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун эмгеги зор экенин айта кеткенибиз оң. Семетей Султанов улуттук кураманы топтоодо ар бир оюнчуну талантына жараша дыкат иликтеп топтогону маалым. Мындан тышкары футболду өнүктүрүүгө бир топ жакшы иштерди жасаганын билебиз. Дагы бир мекендешибиз Аскар Салымбеков дагы Кыргыз футболунун өнүгүшүнө өзгөчө зор салымын кошуп келет. Ал гана эмес, “Дордой Динамо” аттуу футбол клубун түптөп, улуттук курама командабыздын оюнчуларын өз клубуна алып футболчуларыбызга жакшы шарттарды түзүп берүүдө.
Ал эми кыргыз футболуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруу Темир Сариевдин убагында башталган. Сариев Өкмөт башчы болуп турганда Кыргызстан курамасынын бир топ жолдоштук беттешүүлөрүнө күйөрман катары барып, жеке өзү эле эмес Өкмөттүн толук курамын ала келип, оюнчуларыбыздын демине-дем берип сүрөөнгө алып турууну адатка айланткан. Оюн аяктаган соң алар менен кездешип акчалай каражаттарын тапшырып келген. Бул дагы болсо оюнчуларыбыз үчүн чоң стимул болгон. Өзгөчө 2015-жылы 13-октябрда Кыргызстан курамасы Австралия курама командасы менен болгон беттеште Өкмөт башчы Темир Аргенбаевич улуттук кураманы өзү барып сүрөп, материалдык колдоосун кылганда жетине албаган футболчуларга «Ак шумкарлар» деген ат коюп, сүрөөн жүргөн. Биздин оюнчулар ошондон тартып Ак Шумкар атка конгон. Ал эми биздин Ак Шумкарлар Азия кубогуна татыктуу катышуу менен учурда дүйнөгө дүң болуп олтурат. Мынакей жетишкендик. Сариев бир топ жылдан бери оңдолуп түзөтүлбөгөн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоп, жарыктандыруу жагын иретке келтирүүгө бюджеттен акча бөлүп берген. Анын натыйжасында стадиондо оңдоп-түзөө иштери ишке ашкан. Мындан тышкары Сариев Өкмөт башчы кезинде Бишкек шаарына заманбап үлгүдөгү стадион курууга камынып, ишкерлерди тарта баштаган. Тилекке каршы Сариев ал учурдагы саясий интриганын айынан кызматынан кеткен. Балким Сариевге дагы бир жыл убакыт берилгенде баштаган иштеринин аягына чыгып калат беле?