Журналист тергөөчүнүн үстүнөн арыз жазды

84
Журналист Элнура Алканова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбековдун үстүнөн арыз жазды. Журналист аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча баа берүүнү жана жоопко тартууну талап кылууда. Бул тууралуу ал өзү “Азаттык” радиосуна билдирген.

– “Медиа полиси” институтунун юристтеринин көмөгү менен ушундай талап койдук. Мага карата козголгон кылмыш иште айтылган айыптоолорду алар далилдей алган эмес. Көптөгөн юристтер мага козголгон кылмыш иши боюнча баасын берип, муну саясий буйрутма деп айтышкан. Ошондуктан Башкы прокуратурага арыз жаздык, – деди Алканова.