Биздин сайтка чыккан макаладан кийин милиция кызматкерине сөгүш берилди

63

Бишкекте такси айдоочусу менен чырлашкан аймактык тескөөчүгө катуу сөгүш берилди. Ошондой эле №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланды. Ички кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында ушундай чара көрүлгөнүн шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Окуя №1 шаардык милиция бөлүмүнө жакын жердеги короодо болгон.

Видео интернетке жарыяланган күнү биздин сайтка дароо макала жарыяланган. Шаардык милициянын маалымат кызматы териштирүү жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр дароо жазаланаарын билдирген.