СПОРТ

11 миллион сомго кызматтык унаа сатып алган министр

Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев гранттык акчанын эсебинен ар биринин наркы 5,6 миллион сом турган эки кызматтык унаа сатып алган. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүгүү бирикмесинин гранттык каражатына алынган. «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө»  мыйзамы одоно бузулган, атайын тендер жарыяланган эмес.
Министр бул маселе ал келгенге чейин эле чечилип калганын айтып, унаалардын сатылып алынышында күнөөсү жок экенин айтууда. Анткен менен мурдагы министр Талантбек Батыралиев азыркы министрдин айткандарын жокко чыгарды. 
«Медицина тармагында каражат аябай тартыш болуп жатканда гранттык каражатка жол тандабас алып, аны кызматтык унаа катары колдонуу менин акылыма да келмек эмес. Дары-дармек, жабдуу алуу маселелери чечилбей турганда кымбат баалуу кызматтык машине сатып алуу маселеси көтөрүлгөн эмес. Андай маселе көтөрүлмөк да эмес. Себеби биз аны эң зарыл керектелүүчү муктаждык катары эсептеген эмеспиз. Аймактардагы ооруканалардын автопаркы аябай начар. “Тез жардам” машинелери эскилиги жеткен же дээрлик жок десек да болот. Анан ушундай абалда “гранттык каражатка келди” деп эле эки жетекчи кымбат баалуу эки жол тандабас алышканы кызык. Бул абдан туура эмес», — деп билдирген «Азаттыкка» Батыралиев.
Жаш дарыгерлердин айлык маянасы 7 миң сом болуп турган кезде ушундай кымбат унааны сатып алуунун канчалык кажети бар эле? Ошол акчаны жаш дарыгерлердин маянасына кошумча кылып беришсе болмок да…