САЯСАТ

«Замандаш»: Жакшы ишке атаандаш бололу

«Замандаш» саясий партиясы Жаңы жылдык кечени майрамдоонун ордуна муктаж үй-бүлөлөргө жардам берди. Өлкөдө 6 миллион калк болсо, анын 26 пайызы жакыр, өтө жакыр жашаган калк 50-60 миңдин тегерегинде.

Ал эми жаңы жылдык кечелерде бир кишиге жок дегенде 1,5-2 миң сомдон чогултулат. Бул акчага 50дөй аз камсыз үй-бүлөгө жардам берсе болот. Партиянын лидери Жеңиш Молдокматов обу жок ашыкча чыгым кылганды жактырбайт. Ошол бир күндүк жыргалчылык үчүн кетчү акчага аз да болсо белек алып, муктаж адамдын көңүлүн көтөрүүнү туура көрөт.»Обу жок чыгым кылгандан көрө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кичинекей балдарга жаңы жылдык маанай тартуулайлы дедик», — деди Молдокматов.

Быйыл бизде кээ бир өнүмдөрдүн баасы түшүп кетти. Көп дыйкандардын маңдай терин актабай үзгүлтүккө учурады. Ошондуктан «Замандаш» партиясы ата мекендик өнүмдөрдү сатып алып, көп болбосо да көмөк көрсөткөнгө аракет кылды.
Кыргызстандын ар бир жараны колунан келсе кайрымдуулук кылууга аракет кылышы керек. Келгиле, баарыбыз жакшы ишке себепкер болуп, колубуздан келген жакшылыкты кылалы.