СПОРТ

Депутат Talas Fight спорт клубуна акчалай жардам берди

Өткөн аптанын жума күнүндө Талас шаардык кеңешинин депутаты Адылбек Жусупбеков Талас шаарында жайгашкан Talas Fight спорт клубунун тарбияланучууларын Жаңы-жылы менен куттуктап, Казакстандын Чымкент шаарында өткөн турнирде жеңишке жеткен балбандарыбызга акчалай сыйлык тапшырды.


Ал спортчуларга мындан ары да бийиктиктерди багынта берүүсүн, өлкө болсо ар дайым аларды колдоого даяр экенин айтты.
Ошондой эле клубдун машыктыруучулары Камчыбеков Калыс, Алиев Алик жана клубдун башкы мүдүрү Тургунбаев Насыр Токторовичге ыраазычылыгын билдирди.

Казакстанда жеңишке жеткен жаш спортчулардын тизмеси:
Алтынбеков Ролан: 39 кг 2005-2006-жылкылар арасында 1- орун
Иманбаев Ырыскелди: 45 кг 2005-2006-жылкылар арасында 1- орун
Таалайбек уулу Нурбол: 56 кг 2002-2003-жылкылар арасында 1-орун
Шумкарбеков Айбек: Чоңдор арасында 75 кг 1-орун.