Өткөн жылы коррупциянын айынан 670 млн 150 миӊ сом өлчөмүндө зыян келтирилгени белгилүү болду

63

2017-жылы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдары тарабынан 1 млн 382 миӊ сом көлөмүндө зыян келтирилгени аныкталып, анын ичинен 1 млн 382 миӊ сом өлчөмүндө каражат ордуна коюлган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊеште өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Отчеттук мезгил аралыгында укук коргоо органдары тарабынан 1037 коррупциялык багыттагы кылмыш иши козголсо, анын ичинде прокуратура органдары тарабынан 703 кылмыш иши, улуттук коопсуздук органдары тарабынан 42 кылмыш иши, экономикалык кылмыш менен күрөшүү органдары тарабынан 49 кылмыш иши, ички иштер органдары тарабынан 242 кылмыш иши козголгон.

Алдынала маалыматтарга караганда, жогоруда аталган коррупциялык кылмыш иштери боюнча 670 млн 150 миӊ сом өлчөмүндө зыян келтирилгени белгилүү болду.