Бишкектин түштүк батыш тарабындагы мүрзөдөгү чыр. Шаардык кеңештин депутаты мүрзөнү талашып жатабы?

68

Бишкектеги ритуал кызмат көрсөтүүчү агенттиктин кызматкерлери (Бишкекское Агенство Ритуальных Услуг. Мындан ары БАРУ) журналисттерге ачык кат менен билдирүү таратышты.

Алардын айтымында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Музуралиев жеке кызыкчылыгы үчүн БАРУнун жерин менчиктештирүү аракетин көрүп жатат.

“Канат Музуралиев өзүнүн депутаттык мандатынан пайдаланып, ушул жылдын апрель айынан бери Түштүк-Батыш мүрзөсүнө көп келчү болду. Ал өзүнүн укук коргоо органдарында иштеген тааныштары менен кызматкерлерди коркутууда. Айтымында ал кызматкерлерди коррупцияга айыптап, каматып жиберүүгө кудурети жетет экен. Музуралиев мүрзө жетекчисин кызматтан кетүүнү талап кылууда, биз андан коркпой турганыбызды, анткени БАРУ Муниципиалдык ишканасында эч кандай коррупция жок. Анын айтып жаткандары суу кечпейт”, – деп айтылат билдирүүдө.

БАРУнун кызматкерлери Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына, мэр Албек Ибраимовго ачык кат менен кайрылып, бул ишке юридикалык баа берүүнү суранышкан.

Биз бул боюнча Канат Музуралиевдин да пикирин жарыялайбыз.