Сапар Исаков үчүнчү жолу суракка чакырылды

75

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков УКМКга кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.

Маалыматка таянсак, бүгүн, 29-майга, саат 14:00гө кайра сурак берүүгө чакырышты. Мурдагы өкмөт башчы ушуну менен үчүнчү жолу суракка барат.

Эске салсак, буга чейин 26-апрель, 14-май күндөрү Сапар Исаков ЖЭБдеги авария, кытайлык компания тууралуу УКМКга сурак берип чыккан.