Ошто “Жылдын мыкты мугалими – 2018” жыйынтыкталат

110

Эртең, 30-май күнү Ош шаарында «Жаш мугалим – 2018» сынагынын финалдык баскычы өткөрүлөт. Буга чейин маалым болгондой аталган сынак Ош шаарында өзгөчө белгиленип, баш байгенин ээси мэрия тарабынан авто унаа менен сыйланып келет.

Аталган сынактын мектептик баскычы март айында уюштурулуп, жеңүүчү болгон мугалимдер үстүбүздөгү жылдын апрель айында ачык сабактарды өтүп беришип, андан тышкары мугалимдердин диагностикалык сынагына катышышты. Эртеңки финалдык баскычка өткөн 5 мугалим үчүн жаңыча ыкма болгон социалдык сеттер аркылуу добуш берүү да уюштурулду.

Чыгармачыл, кесипкөй мугалимдерге шык берүү максатында өтүп жаткан иш чарага бардык ЖМК өкүлдөрүн чакырабыз.

Иш-чара Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында саат 10:00дө өтөт.

Байланыш тел: 0552 600 700, 0777 230 286