Оштогу борбордук базардан өрт чыкты

88

Ош шаарында бүгүн, 29-май күнү саат саат 07:50дө борбордук базарда жайгашкан контейнерден өрт чыккты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:51де ӨКМнын Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 08:00дө  ӨКМнын №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 08:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.