Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун Кызыл-Суу айылында жайгашкан райондук соттун чатыры 27-майдан 28-майга караган түнү болгон шамалдан улам урап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Жергиликтүү тургундардын айтымында аталган райондук сот жаңы эле оңдоп түзөөдөн өткөн.