Акыйкатчы “Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктары” боюнча баяндама жасады

316

Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча мекемелер аралык координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн отуруму өттү.
Отурумда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев “Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктары” боюнча баяндама жасады.
Баяндамада Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарын сактоо боюнча маселесин бир нече аспектилер аркылуу караган: сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча балдардын мыкты кызыкчылыктарын коргоо принциби, балдар арасында кылмыштуулукту алдын алуу, камакка алуу, соттук териштирүү маалында, жазаны дайындоо жана аны аткаруу учурунда балдардын укуктарын коргоо.
2017-жылы Акыйкатчы Аппаратынын Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнө 182 кайрылуу келип түшкөн. Ал эми «115 шыр байланыш» кызматы аркылуу балдардан жана алардын ата-энелери менен 3856 телефон чалуулар болгон, алардын арасынан – 1086 үн маалыматтары, 2770 телефон чалуулар. 2370 ирет кеп-кеӊештер берилди, 494 арыз, кайрылуу боюнча текшерүү, териштирүү болуп, оң чечимдерге жетишилди.
Баяндаманы даярдоодо балдар укуктарынын эл аралык стандарттары, улуттук мыйзамдар, статистикалык көрсөткүчтөр жана Акыйкатчы аппаратынын өнөктөштөрү менен биргеликте даярдаган изилдөөлөрү терең анализденген.
Балдардын укуктары боюнча кайрылуулардын анализи көргөзгөндөй, балдардын билим алууга болгон укугу, балдарга карата ырайымсыз мамиле, ошондой эле, мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарынын сакталышы актуалдуу маселелерден бойдон калууда.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу № 14 түзөтүү колониясындагы иштерди иликтей келгенде сот процесси маалында балдар жабык мекемелерде соттун создуктурулуп каралганына байланыштуу бир жылга чейин, айрым учурларда андан да узак убакытка жатып калаарын көргөздү. Бала кармалганы тууралу анын ата-энесине же камкорчуларына дароо кабарлоо зарыл болгону менен, мониторинг учурунда балдарынын кармалганын ата-энелери же камкорчулары канча убакыт аралыгында билгени тууралу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Иштердин 42% гана баланын кармалганы жөнүндө оозеки же жазуу жүзүндө маалымдалганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле кармалгандардын 36/8% жактоочу берилген эмес. Бул балдарды кармоо учурунда жана тергөө маалында алардын укуктарын одоно бузулганынан кабар берет.
Баланын укуктарынын тебеленип жатытышынын маанилүү факторлорунун бири – тийешелүү инфраструктуранын жоктугу, башкача айтканда, баардык эле облустарда Тергөө изоляторлору салынган эмес (Таласта, Баткенде ТИЗО жок), соттордо иш көп, ошол себептен иштер айлап-жылдап каралат.
ТИЗОдо балдарга окуусун улантууга шарт жок, ошентип, жашы жетелектер адистештирилген билим алалбай, турмушта өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, андан ары өсүшүнө жол жок, бул болсо келечекте бул жерге түшкөн жеткинчектер кылмыш дүйнөсүнө жакындашуусуна жагымдуу жагдай түзүп бермекчи.
Кыргыз Республикасынын Бала жөнүндө кодексинде ювеналдык юстициянын бир талабы катары өспүрүмдөр үчүн атайын соттун болушу зарыл экендиги айтылган. Тилекке каршы, балдар үчүн бир да балдардын соту ишке киришкен жок.
Жогоруда келтирилген көйгөйлөрдү чечүү жана балдар укуктарынын талапка ылайык сакталышы үчүн Акыйкатчы Кубат Оторбаев тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуштамаларын берди.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Кубат Оторбаев республитка боюнча психологдордун тартыштыгы курч экенин белгилеп, алардын санын көбөйтүп, бул кесиптин баркын жакшыртуу үчүн өкмөт тарабынан атайын иш-чара зарыл экенин белгиледи. Акыйкатчы, ошондой эле Вознесеновкадагы балдардын түзөтүү колониясын реформалоо зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, Кубат Оторбаев балдар иштери боюнча комиссияларды коомдук башталыштан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын курамына өткөрүп, баркын жогорулатууну, жоопкерчилигин арттырууну айтты.
Координациялык кеңеш Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин баардык сунуштарын кабыл алып, протоколдук чечимине киргизип, жетекчиликке алды.