Жээнбеков: Резонанс жараткан иштер аягына чыксын

81

Бүгүн, 28-майда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды.

Анда УКМКнын ишмердигинин натыйжалары жана Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Жээнбеков жолугушууда коррупция, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын фактыларын аныктоо, коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

Ал өз сөзүндө күнөөлүү адамдарга карата катуу чараларды көрүү, келтирилген зыяндын ордун толуктоону камсыз кылуу керектигин белгиледи.