МАЕК

Аэлита, “Мисс Кыргызстан 2018” сынагынын катышуучусу: “Биринчи жолу сулуулук cынагына катышып жатам”

Бишкектеги «Ак Сарай» ресторанында 14-ноябрь күнү 18:00дө «Мисс Кыргызстан 2018» официалдуу сулуулук сынагы өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл-аралык «Miss World» сынагынын уюштуруучулары жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өтүп жатат. Биз, Аэлита Каныбекова менен маектештик.

Алгач өзүңүздү кыскача тааныштыра кетсеңиз?

Менин атым  Аэлита Каныбекова 16 жаштамын, учурда мектепте окуйм. Кара-Балтада төрөлүп, Белгияда чоңойгом. 3 жашымда апамдын жумушуна байланыштуу ошол жакка көчүп кеткенбиз. Апам Тышкы иштер министрлигинде иштегендиктен, ошол жакка көчүп кеткенбиз.

Анда Бишкекке жаңы эле келген турбайсызбы?

3 жашымда кетип, 8 жашымда кайра келгем. 12 жашымда кайрадан кетип, 2015-жылы көчүп келдим.

Үй-бүлөдө канча бир туугансыз?        

Үч бир туугандын кичүүсүмүн, бир эжем бир байкем бар.

Учурда кайсы мектепте окуйсуз?

№1 мектепте 11-класста окуйм. Белгияда 5 жашымдан мектепке баргандыктан, быйыл окууну аяктап жатам.

Буга чейин ушундай сынактарга катышып көрдүңүз беле?

Жок, биринчи жолу катышып жатам. Буга чейин сынактарда чыр-чатактар көп болоорун укчумун, бирок мен катышып жаткан сынак официалдуу өтүп жаткандыктан, баары ачык өтөт деп ишенем.

Жеңишке жетпей калсаңыз…

Мен баарына даярмын, жеңишке дагы жеңилүүгө дагы моралдык жактан даярмын. Апам «Эгер сен жеңишке жетсең жакшы, ал эми утулуп калсаң таарынба. Эч нерсе болбойт, сен эми 16 жашка чыктың, келечегиң алдыда», -деп көп айтат.

Шоу тармагына аралашып көрдүңүз беле?

Моделдик мектебин аяктагам, анча мынча фотосессияларга катышкам.

Бош убактыңызда эмне кыласыз?

Кичинекей кезимден эле Динара Акулованын ырларын апам экөөбүз ырдай беребиз. Ырдаганды жакшы көрөм, жакында досум экөөбүз ыр жаздырайын деп жатабыз.

Белгия менен Кыргызстандын биринде жашап калуу мүмкүнчүлүгү берилсе, кайсы өлкөнү тандайсыз?

Албетте, Кыргызстан менин мекеним. Бирок мен жашап калуу үчүн Белгияны тандамакмын. Анткени, ал жактын жашоо-шарты башкача. Белгия мен үчүн экинчи мекеним болуп калган.