СПОРТ

Ошто тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогу өтүүдө

Бүгүн, 18-октябрда Ош гуманитардык педагогикалык институтунда тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу башталды.

Мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан 200дөн ашуун спортчулар катышууда.
Спорттук мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, улуттук спортту өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо максатында өтүп жатат.
Мелдеш 22-октябрь күнү жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.