СПОРТ

«Ноокен Жаштары» коомдук бирикмесинин 4-достук кубогу өттү (фото)


«Ноокен Жаштары» коомунун футбол жана волейбол боюнча 4-достук беттеши өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Сыдыков демөөрчүлүк кылды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Кадырбек Абдыжапаров билдирди.


Маалыматка таянсак, аталган иш-чара Бишкекте жашап, окуп жүргөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун студенттеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган.
Балдар арасында футбол боюнча беттеш өтүп, ага 9 команда катышты. Достук, Момбеков, Бүргөндү, Кочкор-Ата, Ноокен, Сакалды, Масы, Шайдан айыл өкмөтүнөн түптөлгөн командалар, андан сырткары Оштон дагы бир “Ош Ноокен жаштары” командалары катышты.


Ал эми кыздар арасында волейбол боюнча турнир өттү. Ага Момбеков, Ноокен, Сакалды, Арал, Шайдан айыл өкмөтүнөн куралган командалар катышты.
Оюндун жыйынтыгында футбол боюнча биринчи орунду Сакалды айыл өкмөтүнөн куралган команда алса, экинчи орунду Кочкор-Ата, үчүнчү орунду Момбеков айыл өкмөтү, ал эми төртүнчү орунду Оштон келген команда ээледи.
Кыздар арасында өткөн оюнда биринчи орунду Ноокен айыл өкмөтүнөн келген команда алса, экинчи орунду Сакалды, үчүнчү орунду Арал, төртүнчү орунду Шайдан, бешинчи орунду Момбеков айылынан келген командалар алышты.


Биринчи орунду алган команда 10 миң сом, экинчи орунду алгандар 7500 сом, үчүнчү орунду алган командалар 5000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Мыкты дарбазачы, мыкты оюнчу, мыкты чабуулчу, мыкты коргоочуга 1000 сомдон акчалай сыйлык берилди. Ушундай эле сыйлыкты кыздар дагы алышты, акчалай сыйлыктан сырткары медаль, громтаталар, кубок тапшырылды.