СПОРТ

Жалал-Абадда дүйнө чемпионун шаңдуу тосуп алышты (фото)

Бүгүн, Жалал-Абад шаарындагы борбордук стадионунда Словакиянын Транава шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон Эрбол Бакировду жана Индонезияда өткөн Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль тагынган Амантур Исмаиловду, ошондой эле Ош шаарынан конок катары келген чемпион Акжол Махмудовду тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри М.Тагаев, Жогорку Кеңештин жана шаардык Кеңештин депутаттары, спорт күйөрмандары, ышкыбоздору катышып, чемпиондорду жогорку деңгээлде тосуп алышты.

Өз кезегинде облус жетекчиси чемпиондорду алган сыйлыктары менен куттуктап, «Силер бул ийгиликтерге ак эмгегиңер, маңдай териңер, чыдамкайлыгыңар жана мыкты даярдыгыңар менен жетишип, кыргыздын желегин желбиретип отурасыңар. Силердин мындан кийинки да спорттук карьераңарга ийгиликтерди каалайм. Буйруса олимпиаданын чемпиону болгула»-деген каалоо-тилектерин билдирип, эки чемпион машыккан залга спорттук килемдерди тапшырып, Эрбол Бакировго токулуу ат мингизди.