Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу оор өнөр жайга тиешелүү жогорку технологиялык жабдууларды экспорттой баштады. Өткөн жылдын август айында “SKY ELEVATORS» «МТК» бөлүштүрүү компаниясы менен SKY INDUSTRIAL GROUP заводунда чыгарылган лифт жабдууларын Россияга экспорттоо боюнча келишим түзгөн. Завод мындан бир жыл мурда ачылган, буга чейин бир нече жабдууларды чыгаруучу линияларды ишке киргизген. Бүгүнкү күндө SKY ELEVATORS компаниясынын лифттери Бишкек шаарында гана эмес, Кыргызстандын башка аймактарында да имараттарга орнотулган. Анын ичинде борбор калаанын лифттик жабдууларын модерниязациялоо ишке ашырыла баштады.
Кыргызстанда биринчи көп тармактуу заводдо дистрибьюторлордун заказы менен даярдалган лифттер жакында жүктөөгө жана Россияга жөнөтүүгө даярдалууда. SKY INDUSTRIAL GROUP заводу Кыргызстандын гана эмес, Бүткүл Борбордук Азиянын оор өнөр жай жайынын флагманы болуп саналат.
Завод жалпы аянты 20 000 м2 болгон өндүрүш комплекси болуп саналат, анын ичинде:
-инновациялык технологиялар бөлүмү;
-агрегаттарды жана элементтерди сыноочу өндүрүштүк лабораториялар
– негизги компоненттер менен тааныша турган көргөзмө залы;
-сыноо борбору, анын ичинде “SKY” сыноо мунарасы.
Мунун бардыгы бизге коопсуз жана ыңгайлуу эң жогорку сапат стандарттарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул ар кандай конфигурациядагы лифт жабдууларынын жана көтөрүүчү механизмдердин динамикалуу өнүгүп жаткан заманбап өндүрүшү.
-жүргүнчү лифттери;
-жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу лифттер;
-панорамалык лифттер;
– оорукананын лифттери;
-курулуш жана мачта көтөргүчтөрү;
– кичи жана чоң жүк көтөргүчтөр.
Заводдо ошондой эле брондолгон сырткы эшиктер өндүрүшкө киргизилип, “Тунук” бренди менен суу тазалоочу курулмаларды куруу башталат. Азыртадан эле завод жылына 1000 (миң) даана жабдууларды чыгарууга даяр. Холдингди лифт тармагында 14 жылдан ашуун мезгилден бери эмгектенип келе жаткан Жунушбаева Рахат Мырзабековна жетектейт. Завод Бишкекке жакын Аламүдүн районундагы Ленинское айылында курулган. Бул жабдууларды жеткирүү убактысын жана логистика менен байланышкан башка чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Даяр лифттердин өздүк наркын чет өлкөдөн ташып келгенге караганда 30 пайызга төмөндөтөт.
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо Кыргызстандын өкмөтүнүн экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. SKY INDUSTRIAL GROUP Борбордук Азия рыногунда жогорку технологиялуу “Made in KYRGYZSTAN» продуктусун киргизүүгө даяр.