«Бөрү заманды» башына жамынган, коррупциянын кучагынан арыла албаган, ар бир ишти акчасыз, тааныш-билишсиз, бюрократиясыз бүтүрө албаган чоңдордун кылыктарын ашкерелеп, өлкөнүн экономикасын артка тартып жаткан далилдердин бирин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана башка тийиштүү органдарга бул макаланы окуп чыгып, чара көрүңүздөр деп өтүнүп кетем! Макалада жазылган ар бир цитата далилдер менен тиркелип аталган бийлик өкүлдөрүнө жиберилди.
КЫЗАЕВДИН КЫЛЫКТАРЫ
Кыргызстан профсоюздар федерациясы деген бакыйган чоң уюм бар өлкөбүздө. Ар бир беш жылдыкта бул федерацияга төрага тандоо мезгили жакындаганда бул уюмдун даамын татып, нанын жеп калгандардын эсин эки кылып, чуру-чуу менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдура турган уюм. Аны баарыңыздар билесиздер. Мен сөздү көп созбой, азыркы учурда бул федерацияны жетектеп отурган Эмил Кызаевдин мыйзамсыз жоруктарын тизмектейин. Сиздер көрүп туруп көрмөксөн, угуп туруп укмаксан болбой, учурунда текшерүүгө алып, чара көрүүгө бел байлоого жардам бериңиздер! (Эскерте кетүүчү жагдай, макала эч бир чиновниктин, же кызыкдар тараптардын буйругу менен жазылган жок. Колдо бар фактыларды, көрүп турган чындыкты, мыйзам бузууларды коомчулукка жана тийиштүү органдарга айтпай коюу да бул – кылмыш! Тийиштүү органдар далил сураса, кагаз жүзүндөгү далилдерди жана макалада аты аталган фигураларды ачыктап көрсөтүп бергенге даярмын. Бул менин атуулдук парзым!)
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Эмил Кызаев бул кызматка кантип келип калгандыгы тууралуу мыйзамсыз фактыларды биз кийинки макалада сиздерге ачыктайбыз. Биз бул фигура кызматка келгенден кийинки мыйзамдан жана жоопкерчиликтен коркпой, эмне «ботколорду» чалып жатканын сиздерге айтып берели. Анда кеп учугуна көңүл буруңуздар:
Кызаевдин Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгында эки кылмыш иши 2019-жылдан бери тоңуп, кыймылдабай жатат. Муну билгендердин ачыктап коюу далаалаты чымын чакканча да болбой турганын айтып коелу. Анткени, Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинде Кызаевдин көздөй кишиси аталган райондун ички иштер башкармалыгынын иликтөө башкармалыгынын башчысы Нарынбек Жумакадыровичтин оозун басканга кудурети толук жетет. Нарынбек мырза бакыйган эки чоң кылмыш ишин төрт жылга жакын убакыттан бери толук тергеп бүтсө да сотко өткөрбөй жатканынын себеби мына ушунда. Анда кылмыштарын сиздерге маалымдайын:
1-кылмышы: Кызаев 2019-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлѳѳ кызматкерлеринин кесиптик союзунун (профсоюзунун) төрагасы болуп иштеп турган убагында эки миллион сомду сол чөнтөккө кымтыгандыгы тууралуу факт тийиштүү тараптардын арызынын негезинде тергелген. Бардык далилдер тергөөчүнүн алдында чоң папкеде чаң басып эмдигиче турат. Бул бир!
2-кылмышы: Ошол эле жылы Кызаев өзү ээлеп отурган Кыргызстан профсоюздар уюмунун алдында мамлекеттик профсоюздар кызматынын төрагасына экинчи жолу шайланып бараар алдындагы шайлоо жыйынтыктарын бурмалагандыгы тууралуу фактылар. Бул шайлоо ачык эле бурмалангандыгы тууралуу фактыны мурда Кыргызстан Профсоюздар Федерациясында Мирбек Аскерович Асанакунов төрагалык кылып турган учурда орун басарлык кызматты аркалаган Ринат Арыков ачык кайрылып, далилдерди келтирип отурса да бир жыйынтык чыгарбай койгон ушул Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын иликтөө бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Жумакадырович.
Кызяев кылмыш иши бизге жеткен маалымат боюнча 1-15-1141А деген катар номерде катталуу бойдон катылып жатат.
Мындай кылмыш иштерин кылып, «кыл жип менен бууп коюп» өлкөнүн эн негизги кызматтарынын бирин ээлеп отурганга Кызаевдин моралдык укугу барбы?! Эми башка мыйзамсыз иштеринен да бир-экини сиздерге айта кетейин:
Эмил Кызаевдин Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын алдында КыргызКурортТуризмди жетектеп турган Улан Тумаков деген Кеминдик жердеши бар. Кезинде Тумаков бул кызматка милдетин аткаруучу болуп иштеп турган жана эмгек кодексинде 4.6 бөлүмүндө көрсөтүлгөн жетекчиликтин милдетин аткаруу талабы 3 айлык мөөнөттөн ашпаш керек дегенине карабай, мөөнөтү өтсө дагы жетекчилик кызматка ат салышып, 2022-жылдын 16-декабрында Кызаевдин колдоосу менен креслого отуруп калган. Бул мекеменин федерациянын ичинде таасири өтө чоң. Керек болсо, 80 пайыз жумуштар ушул Тумаков жетектеп турган КыргызКурортТуризмдин колдоосу менен ишке ашат. Тумаковду эмгек кодексинин 4.6 жобосун бузуп, баштан башка шапке алмаштыргандай, тез арада кызматтын милдетин аткаруучулуктан жетекчилик кызматка кое коюу да эч ким менен макулдашылган эмес. Негизи, кызматка коюу процедурасы конкурстук негиз менен ишке ашыш керек эле. Милдетин аткаруучулуктун мөөнөтү өтүп кеткендигине жана мамлекеттик эмгек инспектор текшерип баштаганына байланыштуу Тумаков ат салышка катышууга укугу да жок болчу. Керек болсо Кызаев конкурстун жыйынтыгына гана баш ийип, анан дайындоого укугу бар экенин эстен чыгарып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды. Эми азыр көздөй адамын эң негизги кызматка коюп алып, ал аркылуу жең ичинен мыйзамсыз толтура маселелерди чечип жүргөнүн макаланын кийинки мазмунуна камтыйбыз. Азыр Кызаев менен Тумаковдун биргелешип жасаган коррупциялык иштеринин бирин алдыңыздарга тартайын. Эске салчу жагдай, фактга далил болуп бере турган адам Кызайбеков Нарынбек Абдыкадырович тирүү, учурда «Ала-Тоо» эс алуу жайынын директору болуп иштеп жатат. Мына ушул Кызайбековдон Тумаков Эмил Кызаевдин көрсөтмөсү менен 340 миң сомду коркутуп-үркүтүү жолу менен алып коюшкан. Нарынбек Кызайбеков эртен-бүрсүгүнү УКМКга, прокуратурага арыз менен кайрылууга даяр. Бул Кызаев менен Тумаковдун паракорлук фактыларынын бири гана. Айттым го, макаланын кийинки бөлүгүндө башка коррупцияларын жарыялайбыз.
Эми дагы бир факт! Бир гектар алты сотых жерди ээлеп жаткан 5 миң квадрат метрлүү курулуш аянты менен «Саякат» деген мейманкана бар. Мынчалык аянтты ээлеген башка курулуштар (эсептеп көрсөңүздөр болот) айына 50 мин АКШ долларына чейинки сумманы ижара үчүн төлөшөт. Буга чейин мурдагы Профсоюз төрагаларынын парманы менен 2 миң АКШ долларынан аренда төлөп келишти. Арыз-даттануулардан чочулаган Кызаев кээ бир шарттарды негиз кылып, аренданын суммасын араң дегенде 10 миң долларга көтөрүп, 2040-жылга чейин мейманкана ээлерине арендага биротоло бекитип берип койду. Эми аны 2040-жылга чейин эч ким талаша албайт жана жеке сектор ээси барган текшерүүчүнү Кызаевдин чечими менен бетке чаап кайра кайтара берет. Негизи Федерациянын өткөн жумада эле күчүнө ээ болуп турган жобосу ылайыктуу, ижарага берүү мөөнөтү 17 жыл эмес, 5 жылдан ашпаш керек эле. Белгилүү маалыматтарга караганда, Кызаев аренда төлөп жатат деген далилди бетке кармап, 10 миң доллардан казынага салдырып, калганын ич ара келишим менен сол чөнтөккө салып жатканы айтпаса да белгилүү. Аталган фактынын негизинде арыз жазылып, УКМК кызматкерлерине билинип, иш козголгон. Бирок, ал күндөн бүгүнкү күнгө чейин бир канча убакыттар өтүп жаткандыгына байланыштуу, дагы жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы деген шектенүү бар.
Эми булар Профсоюз баш баканы Кызаев мыйзамды уруп ойнобой, өзүм билемдик менен жазап жаткан далилдердин бирин-экини гана. Айтып отурсак көп! Органдардын териштирүүлөрүнө жана чара көрүүлөрүнө карап, мыйзамсыз фактыларды сериясы менен коомчулук алдына жарыялап турабыз. Бир гана окурмандардан өтүнөөрүбүз: «заказ менен жазылган» деген түшүнүктөн оолак болуңуздар! «Көзүм көрбөсүн, көчүгүмдү бөрү жесин» деген түшүнүккө чыдап отурбайлы! Көзүбүз көрүп турган мыйзамсыздыктарды далилдеп, жетчү жерге жеткирип турсак гана чындык орнойт жана МАМЛЕКЕТИБИЗ ӨНҮГӨТ!
(уландысы бар)
P.S Бул кат редакциянын электрондук дарегине келди. Макаланын маани маңызына редакция жоопкерчилик албайт, андагы айтылган пикирлер редакциянын көз карашын билдирбейт.