Сагындык Давлеталиев Ош шаарында курулушта убактылуу иштеп жаткан мезгилде ага атайын Ала-Букадан барышып, алдоо жолу менен аны колдоо максатында чакырышып УКМКга кармап беришкен. Бул тууралуу анын апасы айтып чыкты. Сагындыктын апасынын айтымында: “Сагындык Давлеталиевге буга чейин да мыйзамсыз жер ээлегендер бир топ акча сунуштаган. Бирок Сагындык баштаган ишин аягына чыгарган. Сагындык Давлеталиевтин баштаган ишине материалдык колдоо көрсөтөбүз деп бирок түпкү максаты аны каралоо, буттан чалуу болгон. Үч жыл аралыгында Ала-Бука районунда мыйзамсыз менчиктештирилген үч жер тилкеси Сагындыктын билдирүүсүнөн улам айыл өкмөттөргө кайтарылган. Анын эң көлөмдүүсү 9.5 миллион сомдук өлкөгө чыгым келгендиги аныкталган жана жер толугу менен Ала-Бука айыл өкмөтүнө кайтарылган. Андан тышкары Ала-Бука районунун администрациясынан тартып Ала-Бука райондук прокуратурага чейинки аллеянын жеке адамдарга өтүп кеткендиги үчүн прокуратурага кайрылып иш баштаган болчу. Сагындык Давлеталиевтин кармалуусу бул уюшкандык менен уюштурулуп буттан чалуу болуп көрүнүп турат. Аны колдоо максатында алдоо жолу менен кармашкан” – деп билдирет апасы.
Белгилей кетсек 2022-жылдын 12-декабрында УКМК активдүү интернет-блогери опузалап акча талап кылган деген жүйө менен Сагындык Давлеталиевди убактылуу кармоочу жайына киргизгенин маалымдаган.