Кыргызстандагы каржы пирамидаларына эмне үчүн “чоңдордун” тиши өтпөйт?

2358

Кыргызстандагы каржы пирамидаларына эмне үчүн “чоңдордун” тиши өтпөйт?

Анткени, көпчүлүк чиновниктер, саясатчылар, менмин деген ишкерлер да бул системанын курмандыгы болушкан. Бирок алар карапайым эл сыяктуу күйгөн акчасын айтып чыкпайт. Биринчиден, алар кандай жол менен мынча акчаны тапканы коомчулукта суроо жаратары турган иш.

Карапайым эл го мейли, “айды кармата турган” жарнамаларга ишенсин, коомдун элита катмары эмнеге ишенди? Демек, дал ушул жерде “иттин өлүгү” жатат. Аларга гарант болгон, кепилдик берген кайра эле ошол чоңдор.

Жабырлануучулар даттанып иши сотко жеткен чакта дагы соттор алдамчыларга гумандуу мамиле жасап жатат. Буга айкын мисал: HERMES FINANCE аттуу кооперативди Шертбек Керимбековдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, иши сотко өтүп, бирок Свердлов райондук соту он күн өтпөй боштондукка чыгарып жиберген.

Урматтуу президент Садыр Нургожоевич! Бул ири коррупциялык чынжырдын жибин үзүү үчүн колуңузда рычаг жетиштүү. Далилдер толтура, коомчулук, анын ичинде жабыр тарткандар жардам берүүгө даяр.

Айрым чиновниктер үчүн карапайым элдин салган акчасы “болбогон эле сумма” болушу мүмкүн. Бирок, ошонун айынан көчөдө калган, үй-бүлөсү ыдыраган, ден соолугуна доо кеткендердин убалы кимге?