Жалал-Абад: Филармонияга Курманбек Ниязбеков Көркөм жетекчи болду

1729

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койгон буйрукка ылайык, Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын Көркөм жетекчиси болуп Курманбек Ниязбеков дайындалды.

К. Ниязбеков бүгүн, 5-декабрда эмгек жамаатка тааныштырылды.

Ал буга чейин Бишкек шаардык драма театрында актёр, Маданият-Тарых-Тил, Манас жаңырыгы, Санат, Пирамида, 7-канал, Баластан телеканалдарында актёр-алып баруучу, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окутуучу, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында Көркөм жетекчи, Кыргыз улуттук Манас театрында режиссёр-коюучу кызматтарында иштеген.