Ошто санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мурдагы жетекчисине айып пул салынды

2074

Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мурдагы жетекчиси Санталат Орозбаевага 1 жыл 6 ай кызматка кайтпоо шарты менен 500 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун чечими Фейсбук социалдык тармагында жарыяланууда.

Маалыматка караганда, Ош шаардык соту мындай чечимди 2022-жылдын 18-октябрында чыгарган.

Эске салсак, Санталат Орозбаева буга чейин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталып жаткан болчу.