СПОРТ

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандык кол күрөшчү эки алтын медаль тагынды

Кыргызстандык кол күрөшчү Мырза Билалов 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эки алтын медаль жеңип алды.

Ал бүгүн, 3-сентябрда өтүп жаткан кол күрөш боюнча мелдешке катышып атаандаштарын оң кол жана сол кол менен күрөштө жеңип алды.