Акыйкатчы Атыр Абдрахматова коркутуулар болуп жатканын айтты

1421

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова өзүнө карата коркутуулар, аңдуулар жана телефон чалуулар болуп жатканын фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Иштин ордуна коркутуулар, жаздыруулар, аңдыгандар, ушактар, интрига… качан оңолобуз?”, – дейт Абдрахматова.

Эске салсак, ал буга чейин дагы жогорку кызмат адамдарынан телефон чалуулар болуп жатканын айткан болчу.