Рыспай Исаков узак мөөнөткө Манас айтып, Гиннес рекорддор китебине кирди

1451

2022-жыл үчүн Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору – Бурса шаарында Бүткүл Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюнун утурлай, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын башкы сабында турган «Манас» эпосунун бүтүн түрк элдерине даңазалоо үчүн “Манас жумалыгы” өттү. КР Президенти, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Бурса шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулуп, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы секретары Султан Раев, Түрк Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана түрк өлкөлөрүнөн келген өнөрпоздор катышты. Бул тууралуу долбоордун координатору Гүлзар Кокенова билдирди.

 

“Манас” эпосу эзелтен элибиздин көөнөрбөс руханий дөөлөтү, оозеки элдик чырамачылыктын теңдешсиз эстелиги, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври экенин талашсыз. Жалпысынан уч өлкөнүн манасчыларынын башын бириктирген бул ири саамалыкка Казакстандан Баянгали Алимжанов, Түркия манасчысы Осмон Шахин жана Кыргызстандан келген Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Камил Мамадалиев, Самат Көчөрбаев, Улан Исмаилов, Азиз Биймырза уулу, Нурбек Талантбеков менен төкмө акын Азамат Болгонбаевдер катышты. Анын жүрүшүндө эпосту эң узак мөөнөткө айтуучулук өнөрүн көрсөткөн манасчы Рысбай Исаков расмий бүткүл дүйнөлүк Гиннес китебине катталды.

Рекорддор китебинин талабына ылайык 113 саатан ашык Манас айтуу аракети 2022-жылдын 22-сентябрында 19:00до башталып, 27-сентябрь 23:37ге чейин 124 сааттык Манас айтуу менен жыйынтыкталды. Бир суткада 2 саат, жана саатына 5 мүнөттөн гана тыныгуу бөлүнгөн, аны эске алганда манасчынын эбегейсиз эмгегин эсептөө мүмкүн эмес.

“Баарын коюп Манасты айт” аталышындагы бул иш-чара көпчүлүктүн көңүл чордонунда болду. Түркиядагы кыргызстандыктар менен бирге башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү топурап топтолуп, манасчылардын демине дем, күчүнө күч кошуп турду. Атайы Гиннес китебине каттоону кароо үчүн келген өкүл да таң берип, күн чыккандан батканга чейин тыңшап отуруп суктанганын, айрым учурда жан үрөп тынчсызданганын да жашырган жок. Эң кызыгы эми гана “Манас” эпосу, андагы каармандар тууралуу кеңири маалымат алганын айтып, аябай баа берди.

Баса белгилей кетчү нерсе, башталганлан аягына чейин жалпысан манасчы, төкмө акын жана журналисттен турган 8 киши комиссия мүчөсү болуп тандалып, 2 комиссия мүчөлөрү ар бир төрт саат сайын расмий протокол жана отчетту Гиннес китебинин өкүлүнө тапшырып жатты. Ошондой эле үзгүлтүксүз YOUTUBE порталында түз берүү жүрдү.