Сузакта жашы жете элек кызга үйлөнгөн милиция кызматкери иштен алынды

1627

Милиция кызматкери менен имам нике курагы жөнүндө мыйзамды бузганы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысы аныкталган. Алсак, Сузак районунун тургуну, 1994-жылы төрөлгөн Э.К. Сузак РИИБнүн кызматкери болгондугуна карабастан, Базар-Коргон районунун тургуну, 2005-жылы төрөлгөн жашы жете элек К.Х. менен баш кошушкан. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р. окуган.
Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын апасы В.К., жолдошу Э.К. жана нике окуган дин кызматкери И.Р.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен айыптары угузулду. Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулду.
Учурда, кылмыш иши негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.