“Кыргызалтын” ААКынын жамааты бир күндүк эмгек акысын Баткенге которот

354

 

“Кыргызалтын” ААКнын басма сөз кызматы маалымдайт:

“Кыргызалтын» ААКнын жамааты
кыргыз-тажик чек арасындагы аймагында жабыркагандарга жардам берүү үчүн бир күндүк эмгек акысын берүүгө чечим кабыл алышты.

Биздин команда Баткендеги жергиликтүү калкка көңүл айтат жана кырдаалдын тезирээк турукташтырылышына тилектештик менен чын жүрөктөн колдоо сөздөрүн билдирет.

Биз бардык кыргызстандыктарды азыр оор абалда калган мекендештерибизге жардам берүүгө, чек ара аймактарынын жергиликтүү калкына колдоо көрсөтүүгө чакырабыз.

«Кыргызалтын» ААК бардык мекендештерибизге бейпил асман жана бакубатчылык каалайт.