4 жыл мурда кылмыш иши козголгон Шадиев Кыргызстанга кайтып келди

885

2018-жылдын 28-апрелинде ошол кездеги Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу. Бирок ал Баткен аркылуу чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Москва аркылуу АКШдан түнөк тапкан.

Ошол эле жылы 31-майда Бишкектин Биринчи  май райондук соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. 4 жылдан бери АКШда жашап жаткан Аскарбек Шадиев Кыргызстанга келгени маалым болду. Ал чек арадан өтөөрү менен укук коргоо органдары тарабынан каралышы керек эле. Бирок жай баракат келип, туугандары менен жолугуп жүргөнүн уктук. Экс-депутат кандай жагдайда кайтып келди, эмне үчүн кармалган жок? суроолор көп жооп жок болуп турган кези. Же Бир кездери Курманбек Бакиевдин жанында жүргөн адамдар четинен ээн эркин өлкөгө киришине шарт түзүлүп жатабы?