Азимбек Бекназаровдун уулу экстремизмге айыпталып кармалды

460

Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров (КРнын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу) экстремизмге айыпталып кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка таянсак, аны Бишкек ШИИББинин кызматкери кармаган.

Руслан Бекназаров ушул жылдын июнь айында акимдин орун басары болуп кызматка дайындалган болчу.