Бакашева Маданият министри болом деп чуркап жүрөбү?

994

 

Барган жеринде ызы-чуудан арылбаган Жылдыз Бакашева деген айым бар, ажонун жердеши. Ошол айым Маданият министри болом деп чуркап жүрөт имиш. Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун эшигин тытып, “орун басарга деле макулмун, бара-бара министр болуп келем” деп атат дейт. Ажого да ат чаптырып ийсе, таң калуунун деле кажети жок, кантсе да эжекеси эмеспи. 63 жашка чыгып калган бул айым акыркы кездерде кайсы жерге барбасын , артынан ызы-чуу, интрига ээрчиткенин койбос болду. А.Осмонов атындагы улуттук китепкананы башкарып турганда Грозныйдын дооруна таандык “Апостол”, “Острожская Библия” деген эки антиквардык миллондорду чапчыган баалуу китептер уурдалганын ММК жазгандай болду эле, аягы эмне болгону белгисиз. Өкмөткө вице-премьер боло калган учурунда ашыкча вакцина сатып алуу чуусу чыгып, бул иш боюнча Саламаттык сактоо министри Алымкандын Бейшеналиев темир торго да отуруп чыкты. Бейшеналиевдин “Вакциналар боюнча мага чейин эле Марипов менен Бакашева сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн экен” деген эле интервьюсунда. Бакашева социалдык тармактын вицеси катары эмнеге жоопкерчиликтүү болгон жок деген суроо туулат…
Эки жыл мурунку бийлик алмашууда Бакашева апчебиз КТРКга бир күн Башкы директор боло калганы бар, 24 саатка жеткирбей, дуулдаган коллектив эжекебиздин сүрүп чыгып, Мирлан Самыйкожонун коюп алышкан. Болбосо, кадыры, баркы, калыстыгы бар болсо, жашын сыйлап деле унчугушпайт эле да. Баарынан да Бакашеванын кадырлуу окумуштуу Лайли Үкүбаева менен УИА мүчөлүгүн талашкан окуясына бүтүндөй интеллигенция, окумуштуулар чөйрөсү, жаамы журт, айрыкча илимий чөйрө чыйт түкүрүп отурушат. Вице болоор замат бийлигине салып, урматтуу эжекеден член-корр талашып, баркын кетирди. Үкүбаеванын “Бакашева мага атаандаш боло албайт, ал татыксыз кадр” дегени бар. (Азия ньюс, 30-июль, 2021). Үкубаева эмгегин, кадырын, намысын коргоп, сотко берди деп эшиттик, жыйынтыгын көрө жатаарбыз. Баса, Жогорку аттестациялык комиссия окумуштуулук даражаны Бакашевага вице болоор замат, 3 ай өткөрбөй жобону бузуп ыйгарган деген даттануу да ММК га байма бай жарыяланды. Ызы-чуудан тажабаган эжекебиз жакында ИО болуп Мамлекеттик тарых музейине барды, эми аякта да чыр-чатак дейт.
Ансыз да капиталдык ремонтуна ченемсиз 8,7 млн евро коротулган чыр-чатагы бүтпөй, сот артынан сот болуп, Чубактын кунундай чубалып келатты эле… “Өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп, Бакашева келгени башкы бухгалтери менен тил табышпай, бири биринин үстүнөн арыз жазып отурушат, чабыш башталыптыр. Бакашеванын келишине музейдин коллективи да катуу каршылык көрсөткөнүн эшиттик эле. Эми ушундай чуулгандуу айымды маданиятка коюу туура болобу? Жакшынакай иштеп жаткан жаш министр Азамат Жамангуловду жайына койбойбу? Же ажонун эжекеси болсо эле, анды-донду карабай, кызматка секириш керекпи? Же музейдин мурунку директору соттон женип калса, кызматынан кол жууйм деп Жамангуловдун ордун талашып атабы? Мамлекеттик башкарууну жакшы түшүнгөн Акылбек Жапаров деле жашы деле 63 ко келип калган чуулгандуу эжекени маданиятка жолото койбос… Карыганда жаштардан сый урмат көрүп, төрдө отурбайбы десең…

Эжекебиз былтыр Ч.Айтматов атындагы “Манас” улуттук академиясына жетекчиликке чуркап, андай куттуу жер дагы буйруетуу болбоду. Ал ортодо Дипломатиялык академияга, Улуттук университетке же Арабаев атындагы университетке ректор кылгыла деп, өкмөткө “эркелегенин” тар чөйрөдө айтып жүрүшөт. Эми эркеликтин да чеги бар го…

Эжекебиз эптеп министр болоюн деп, Биринчи канайымга да киши салып аткан шекилдүү. Дегинкиси, мансап десе эле баарын тебелеп өткөн, коомдогу репутациясы күмөн ушундай кадрлар ажону да, бийликти да, мамлекеттик башкарууну да уяткарып бүтүштү…

Булак: Фейсбук