Активисттер укугун коргогон мугалим №38 мектепке директор болду

819

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жайгашкан №1 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими Жылдыз Садырбаеваны окуучусу сөккөн.
Окуучудан мындай жаман сөз укканына арданган мугалим аны бир аз жулкулдатып койгон. Башка окуучулар ошол учурду видеого тартып алып, интернетке жарыялап жиберишкен. Видео коомчулукта кызуу талкууга алына баштаганда, мугалимдин кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жатып чыгат.
Үстөккө-үстөк болуп мектеп директору аны өз каалоосу менен арыз жазып, иштен кетүүгө мажбурлайт. Ошентип, эч ким мугалимдин укугун коргобой койгондо журналист Элнура Кулуева, активист Аманбол Бабакулов мугалимдин таламын талашып чыгат. Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов, Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Исатбек кызы Аида, Камила Талиева, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева кайдыгер карабай, мугалимдин кызматка кайтып келишин талап кылышат. Жыйынтыгында 30 жылдык иш тажрыйбасы бар Жылдыз Садырбаева кызмат ордуна кайтып келет.
Мына ушундай оор күндөрдү башынан өткөргөн Садырбаева жакында эле болуп өткөн мектеп директорлоруна болгон сынакка катышып, жогорку балл алып, №38 мектеп-гимназиясына директор болуп дайындалды.
Өмүрүн окуучуларга арнаган мыкты педагог жетекчилик кызматта дагы өзүн татыктуу көрсөтө алышына ишеним зор.